Агенттиктин директору Б. Салиев Кытай Элдик Республикасынан келген делегация менен жолугушту.

Агенттиктин директору Б. Салиев Кытай Элдик Республикасынан келген делегация менен жолугушту.

5-сентябрь, 2018-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Бахтияр Салиев менен Кытай Эл Республикасынын   Элдик саясий консультативдик кеңешинин улуттар жана дин иштери боюнча комиссиясынын  төрагасы, делегация башчысы -министрдин рангында Ван Вэйгуан мырзанын жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Агенттиктин ишмердүүлүгү менен таанышты жана этностор аралык мамилелер чөйрөсүндөгү кызматташтыктын потенциалдуу жолдорун белгилешти.
Агенттиктин директору Б.Салиев өз сөзүндө Агенттиктие жүргүзүлүп жаткан максаттары жана милдеттери, Кыргызстандагы этностор аралык мамилелердин өнүгүшү жана бекемделиши үчүн кабыл алынган улуттук документтерде чагылдырылган этностор аралык чыр-чатактардан алдын алуу боюнча жакынкы, орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү чаралардын ишке ашырууну жүргүзүлүшүнө кеңири токтолуп өттү.
Кыргызстанда калктын 27 пайызын түзгөн 80 ден ашык ар кандай этникалык жамааттардын өкүлдөрү жашашат. Бүгүн этностор аралык мамилелердин  өнүгүшү  Кыргызстан Республикасында жаңы деңгээлге көтөрүлгөн. Мамлекеттин этникалык саясатынын негизги багыттары  жакында иштелип чыккан Жарандык интеграциянын жаңы Концепциясында чагылдырылган.
“Иш сапардын негизги максаты - Кыргызстандын этностор аралык мамилелер жана дин иштери чөйрөсү боюнча жүргүзгөн  иштери менен жакындан таанышуу, тажрыйба алмашуу жана үйрөнүү. Кыргызстан КЭРдин жакшы өнөктөшү жана кең пейил кошунасы. Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы достук мамилени бекемдөөбүз керек ”- деп белгиледи Ван Вэйгуан мырза.
 

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх