Коомдук кеңештин мүчөлөрү менен жолугушуу болуп өттү.

Коомдук кеңештин мүчөлөрү менен жолугушуу болуп өттү.

Бүгүн Агенттиктин статс-катчысы Н.К. Алишеров коомдук кеӊештин курамы менен жолугуп алдыда аткарыла турган иштер жана бүгүнкү күндөгү болуп жаткан маселелер боюнча пикир алышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө коомдук кенештин төрагасы жана мүчөлөрү тарабынан Агенттиктин макамын көтөрүү, кызматкерлердин квалификациялык деӊгээлин жогорулатуу жана ошондой эле республикадагы жалпы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иштеген кызматкерлердин кесипкөйлүк дараметтерин арттыруу боюнча бир катар сунуштарын айтышты. 
Агенттиктин коомдук кеӊеши экинчи чакырылышта иштеп жатышат, жалпы курамы алты адамдан турат. 
1.    Жолдошев Нурлан Бексултанович – төрага;
2.    Жунусов Азамат Качкынович – төраганын орун басары;
3.    Абдивасиев Миркамил Ниматуллаевич  - кеӊештин мүчөсү;
4.    Турганов Жылдызбек Момунжанович  - кеӊештин мүчөсү;
5.    Шабданбекова Мырзаш Жапаровна - кеӊештин мүчөсү;
6.    Насиза Сумар Хавазович - кеӊештин мүчөсү.
 

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх