Агенттиктин директору Б.У. Салиев төртүнчү “Мекендештер” форумуна катышууда
2018-жылдын 8-9-августу күндөрү Чолпон-Ата шаарындагы Ч.Т.Айтматов атындагы «Рух Ордо» маданий борборунда өтүп жаткан төртүнчү “Мекендештер” форумуна Агенттиктин директору Б.У. Салиев катышууда.
Форумдун башкы максаты — чет жактарда иштеп жаткан кыргызстандыктардын мүмкүнчүлүктөрүн өз өлкөсүнүн өнүгүшүнө жумшоо болуп эсептелет.
Аталган форумдун жүрүшүндө Агенттиктин директору Б.У. Салиев Кыргыз Республикасынын региондорундагы калктын жашоо-турмушунун деңгээлин жогорулатууга мекендештердин салымы (Мекендештердин өлкөнүн, региондордун, жамааттардын, үй-бүлөлөрдүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө салымы: бизнес, соода, инфраструктура) аттуу темада доклад окуду.
Жаңылыктардын архиви
Дш | Ше | Ша | Бе | Жм | Иш | Жк |