Агенттиктин кезектеги коллегиясы болуп өттү!

 Агенттиктин кезектеги коллегиясы болуп өттү!

31-июль күнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигининин 2018-жылдын биринчи жарымынын жыйынтыгы боюнча кезектеги коллегиясы болуп өттү. 
Коллегияга Чуй облусунун Жайыл районунун айыл өкмөт башчылары, Кара-Балта шаардык мэриясынын ошондой эле Агенттиктин кызматкерлери катышышты.
Агенттиктин 2018-жылга карата Комплекстүү планына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан муниципалдык кызматтардын көрсөтүлүшү жана токтомдорду кабыл алынышы Чүй облусунун Жайыл районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мониторинг жүргүзүлгөн.
Ошол себептен Коллегиянын күн тартибине төмөндөгүдөй маселелер каралды:
1.Чүй облусунун Жайыл районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Мыйзамын ишке ашыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө;
2.“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын Чүй облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аткарылышы жөнүндө;
Коллегиянын жүрүшүндө Жайыл районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан базалык реестрдеги кызмат көрсөтүүдө жогоруда белигленген Мыйзамдын ченемдерин  так аткарылышы жана жергиликтүү кеӊештерде токтомдорду кабыл алууда кызматкерлердин даярдыгын күчөтүү ошондой эле кабыл алынган токтомдорду расмий жарыялоо, мамлекеттик реестрге киргизүү боюнча талкуулар болуп, белгиленген талаптар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына сунуштоо чечими кабыл алынды. 
Белгилей кетүүчү жагдай жергиликтүү кеӊештердин токтомдорун расмий жарыялоо булагы болуп Агенттиктин веб-сайты эсептелет.


 

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх