Ош шаарында элдин биримдигин чыңдоо боюнча семинар болуп өттү.

Ош шаарында элдин биримдигин чыңдоо боюнча семинар болуп өттү.

 Республиканын аймагында диний жана этностор аралык мамилелерден улам келип чыккан коомдук өз ара пикир келишпестиктерди болтурбоо, этностор аралык чыр-чатактарды, диний радикализмди алдын алуу максатында агенттиктин район, шаарлардагы коомдук кабылдамалардын катчылары үчүн бир күндүк семинар-тренинг болуп өттү. Тренингдин алкагында чыр-чатактардын негиздерин талдоо жана түшүнүү, чыр-чатактардын негиздерин талдоону кантип даярдоо керек, интерактивдүү электрондук карта менен иштөө, Кыргыз Республикасында радикализм, экстремизм, чыр-чатактуу кырдаалды эффективдүү башкаруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын потенциалын талдоо темаларынын негизинде окутуулар болду. Семинар Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын жана Кыргыз Республикасында элдин биримдигин чыӊдоо саясатынын алкагында уюштурулду.

 Семинарды Агенттиктин алдындагы мониторинг борборунун эксперт-аналитиктери, Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын, ИИМдин 10-башкы башкармалыгынын кызматкерлери жүргүзүштү.

 

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх