Агенттиктин директору Б.У. Салиев Түрк Дүйнөсү муниципалитеттер бирлигинин жыйынына катышып келди

Агенттиктин директору Б.У. Салиев Түрк Дүйнөсү муниципалитеттер бирлигинин жыйынына катышып келди

        Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Б.У. Салиев 2018-жылдын 18-19-июль күндөрү Түркиянын Дюздже шаарында  Түрк  дүйнөсү Муниципалитеттер Бирлиги (ТДМБ) уюмунун директорлор кеӊешинин кезектеги жыйынына катышып келди. Жыйында 2018-жылдын 18-апрелден 18-июлга чейинки мезгилдеги Союздун ишмердүүлүгү жөнүндө маалыматтарга талдоо болду.

    Ошондой эле жыйында  ТДМБ өлкөлөрдүн мүчөлөрүнүн иштиктүү кызматташтыгынын андан ары өнүктүрүүнүн маселелери каралды, анын ичинен ыңгайлуу жагдайда иштердин тажрыйба алмашуулары, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча ж.б.сунуштарды иштеп чыгуулар каралды.

       Кыргыз Республикасынын  муниципалитеттери жана ТДМБ мындан аркы кызматташтыгын чыңдоо максатында Агенкттиктин директору өз сөзүндө Бишкек шаарындагы Ата-Түрк гүлбагын реконструкциялоо боюнча  долбоорду тездетүү керектигин баса белгилеп, мындан аркы кызматташуулар шаарлардын мэрлеринин ортосунда гана эмес, айыл өкмөттөрү менен биргеликте этностор аралык мамилелерди бекемдөө чөйрөсүндө болушу, Агенттиктин коомдук кабылдамаларындагы жооптуу катчылардын дараметин жогорлатуу боюнча маселелерди сунуштады .

         Агенттиктин директору Б.У.Салиев өзүнүн  сөзүндө төмөндөгүлөрдү белгилеп өттү. “Кыргыз Республикасы 2006-жылдан бери ТДМБнин мүчөсү. Кызматташтыктын негизги максаттын – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ( шаардык муниципалитеттер) өз ара тажрыйба алмашуулар, жергиликтүү жамааттардын социалдык, экономикалык жана маданий милдеттерди биргеликте чечүүгө өз ара жардамдашуу, иштиктүү кызматташууну өнүктүрүү, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө келечектүү реформалар жүргүзүү  керектигин айтты”.

         2014-жылы ТДБМнын Директорлор кеңешинин кезектеги жыйынында  Агентиктин директору  Кеңештин тең төрагасы болуп шайланган.

 

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх