Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактарды өнүктүрүүдө жана элдин биримдигин чыңдоодогу ролу

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактарды өнүктүрүүдө жана элдин биримдигин чыңдоодогу ролу

2018-жылдын 8-июнь күнү Агенттиктин директору Б.У, Салиев, директордун орун басары Э.А. Тогонбаев, башкармалыктардын башчылары В.А. Исалиева, А.С. Шамеев жана укуктук камсыздоо бөлумүнүн башчысы С.Бакасов "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактарды өнүктүрүүдө жана элдин биримдигин чыңдоодогу ролу" - деген темада "КАБАР" улуттук маалымат агенттигинде пресс-конференция беришти. Пресс-конференцияда Агенттик тарабынан ЖӨБ органдары үчүн жасалып жаткан иштер жана ЖӨБ органдары тараынан көрүлүүчү аракеттер жөнүндө кенээн маалымат берилди.  Пресс-конференциянын жүрүшүндө Агенттиктин директору Б.У, Салиев  аткарылып жаткан иштерге токтолуп: "Бүгүнкү күндө республика боюнча 453 айыл өкмөтү жана 31 шаар жергиликтүү өз алдынча башкарууну ишке ашырып, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечип, алардын жергиликтүү жамааттын күнүмдүк жашоосундагы ролу өсүп, калктын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына болгон ишеним деңгээли көтөрүлүп жатканы бизди кубандырбай койбойт"-деп белгиледи.

Күнүмдүк жашообуздагы жарыктандыруу, айыл, шаарлардын инфраструктурасын жакшыртуу, көрктөндүрүү, жашылдандыруу, айыл аймактарынын жана шаарлардын социалдык-экономикалык өнүгүшүн  пландаштырып камсыздоо, калкка сапаттуу кызмат көрсөтүү маселелери   жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын негизги милдети болуп эсептелет.

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековдун “2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндөгү”  Жарлыгын ишке ашыруу максатында Агенттик тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына аймактарды өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү боюнча бир катар иштер жүргүзүлүп, азыркы учурда иштер уланууда.   

Агенттик тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укук ченемдик  базасын чындоо максатында  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнө тийиштүү 32 мыйзамдын долбоору, 95 Өкмөттүн чечимдеринин долбоорлору (82 токтом, 13 буйрук) иштелип чыгып, анын ичинен 23 мыйзам кабыл алынып, 6 мыйзамдын долбоору Жогорку Кеңештин кароосунда, 1 мыйзамдын долбоору Өкмөттүн кароосунда турат. 

Жергиликтүү кеңештердин, шаарлардын мэрлерин, айыл өкмөттөрдүн башчыларын шайлоо боюнча жыйналыштардын кворумун ар кандай мотивдер менен болтурбай коюларын жоюу максатында “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилди. 

         Тиешелүү аймакта  коомчулуктуу коомдук тартипти, мыйзамдуулукту сактоого активдүү тартуу максатында администрациялык комиссиялардын типтүү Жобосу, Коомдук профилактикалык борборлордун типтүү Уставы иштелип чыгып, “Аксакалдар соттору жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилген.  

          Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” Мыйзамдарына киргизилген тиешелүү өзгөртүүнүн натыйжасында өз убагында тиешелүү аймакта этностор аралык кагылышууларга алып келген мамилелерди жана кырдаалды жөнгө салуу боюнча компетенциясынын чектеринде чараларды көрүү боюнча акимдердин, мэрлердин, айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын жоопкерчиликтери көтөрүлдү.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнө тиешелүү шаарлардын жана айыл аймактардын социалдык-экономикалык паспортунун негизги көрсөткүчтөрүн камтыган типтүү формасы, коомдук башталышта иштеген айылдык кеңештердин төрагаларынын айылдык кеңештин сессиясы иштеген мезгилде бир жолку компенсациясын алуу боюнча жобосу, жергиликтүү жамааттардын типтүү уставы, жергиликтүү кеңештердин жана айыл өкмөттөрдүн типтүү регламенттери, айыл өкмөттөрдүн ачык айкындуулук паспорту жөнүндө жобо иштелип чыгылды.

  Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын потенциалын көтөрүү жана аларга практикалык жардам көрсөтүү максатында агенттик тарабынан тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун адистерин  тартуу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен апрель-май айларында атайын  окуу -семинарлар өткөрүлдү.

Жыл сайын айыл өкмөттөр арасында жылдын жыйынтыгы менен "Эң мыкты айыл өкмөтү" наамындагы жалпы республикалык конкурс өткөрүлүп, жеңүүчүлөрдүн базасында айыл өкмөттөрдүн башчылары үчүн алдынкы тажрыйбаларды жайылтуу боюнча Агенттик тарабынан семинарлар өткөрүлүп турат.

Жергиликтүү  өз алдынча башкаруу тармагында эн көөгөйлүү маселе    -жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетинин жетишбестиги.  

Бүгүнкү күндө 453 айыл өкмөттүн 75 өзүн өзү камсыз кылып, 378 дотацияда турат. Ошого байланыштуу, Агенттик тарабынан  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына чегерилүүчү кирешеге жараша алынган салыкты 100 пайызга жеткирүү боюнча сунуш Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин кароосуна жиберилип, ал министрлиги тарабынан  кирешеге жараша алынган салыкты айыл өкмөттөргө жыл сайын:

         2019-жылы – 70%;

         2020-жылы – 85%;

         2021 –жылы – 100% чейин көтөрүү маселеси каралып жаткандыгы  билдирилди.

Жыйынтыгында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына чегерилүүчү кирешеге жараша алынган салыктын көлөмү 2018-2021 – жылдар аралыгында  5 133,0 млн.сомдон 12 078,0 млн.сомго чейин өсүш керек.

         Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган жергиликтүү жамааттардын менчиги негизги киреше алуучу булак катары, мамлекеттик каттоо органдарында каттоодон өтүүсү зарыл.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык 2018-жылдын январь-февраль айына карата 620 объект мамлекеттик каттоодон өткөн. Бүгүнкү күнгө 13072 объектинин ичинен  10119 (77%) объект каттоодон өткөн жана 2953 (23%) объект каттоодон өтө элек.

Бул  көйгөй эске алынып, Агенттик менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматынын ортосунда эки тараптуу меморандум түзүлүп, анын негизинде мамлекеттик каттоону 20% жеңилдик жана бир жыл ичинде мөөнөтүн узартып төлөө шартында иштер жүргүзүлүп, жыйынтыгында 230 муниципалдык менчиктеги объектилер мамлекеттик каттоодон өткөрүлдү.

Айыл өкмөттөрдүн ишмердүүлүгүндө көп убакыттан бери чечилбей келе жаткан көйгөйлүү маселелердин бири алардын автоунаалар менен камсыз болушу.   Бүгүнкү күндө республика боюнча 414 (91,3%) айыл өкмөттөрүнүн автотранспорту эксплуатациялоо мөөнөтүн өтөп бүткөн, болгону 14 (3%) айыл өкмөтөрүнүн автоунааларынын абалы талапка ылайык жооп берет, ал эми 25 (5,5 %) айыл өкмөтү автоунаа менен такыр камсыз болгон эмес.

Бул жагдайга байланыштуу Агенттик тарабынан Муниципалдык мүлктө турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруунун тартиби жана транспорт каражаттарын (номерлүү агрегаттарды) сатуу тартиби жөнүндө Типтүү жобо иштелип чыгып бардык айыл өкмөттөрдүн колдонуусуна жиберилген.

Айыл аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн көтөрүүгө көмөк көрсөтүү максатында Агенттик, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен бирдикте Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн шаарлардын жана айыл аймактарынын социалдык – экономикалык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу боюнча Усулдук колдонмону иштелип чыгып, айыл өкмөттөргө колдонууга жиберилди.

          Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жергиликтүү реестрине киргизилген кызматтарды гана көрсөтүшөт.

         Базалык реестр Агенттик тарабынан иштелип чыгып КР Өкмөтүнүн токтому менен бекитилип, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестрине кирген 14 муниципалдык кызматка стандарттары иштелип чыкты.  Базалык реестрге кирген муниципалдык кызматтар бардыгы акысыз көрсөтүлөт.

Айыл аймактарын оптималдаштыруу максатында облустарда жумушчу топтор түзүлүп, аймактардын калкынын саны, муниципалдык кызматтын жеткиликтүүлүгү, борборго жакындыгы,  экономикалык базалары эске алынып, жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан 96 айыл аймагын кыскартуу боюнча сунуштар берилди.

 Бүгүнкү күндө бир айылдан турган 67 айыл аймагы, калкынын саны миңге жетбеген 6 айыл аймагы,  беш миңге жетбеген 145 айыл аймагы, ошол эле учурда калкынын саны 10 миңден ашкан 144 айыл аймактарынын саны такталып,  453 айыл аймагында 1906 айыл жайгашкандыгы аныкталды.   

Ошондой эле калктуу конуштардын тизмесин тактоо боюнча иштер жүргүзүлүп, жыйынтыгында  республика боюнча “айыл” статусу (макамы) ыйгарыла турган 171 калктуу конуш аныкталды.

         Агенттик тарабынан 21 калктуу конушка айыл статусу ыйгарылып,    5 калктуу конушуна айыл статусун ыйгаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин кароосуна, 11 калктуу конуш боюнча Кыргыз Республикасынын Окмөтүнүн кароосуна, 15 калктуу конуш боюнча документтер юстиция министрлигине экспертизадан өтүүгө киргизилди.

         Эл аралык уюмдар менен кызматташуу

Жергиликтүү бюджеттин тартыштыгына байланыштуу, Агенттик тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көмөк көрсөтүү, донорлор менен жарандык коомчулуктун өз ара байланышын бекемдөө максатында агенттикте донорлордун жана эл аралык уюмдардын Координациялык Кеңеши түзүлгөн.

Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун деңгээлинде мамлекттик финансы чөйрөсүндө “тең-теңине” принцибинин негизинде Дүйнөлүк банктын долбоору Агенттик тарабынан ишке ашырылды. Натыйжада Кыргыз Республикасынын каржы министрлигинин жана эсептөө палатасынын кызматкерлери тарабынан 40 тажрыйба алуу жамааттарынын 57 лидерлери окуудан өттү.

Агенттик тарабынан, айылдардын өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү максатында Корея мамлекетинин Ички иштер министрлиги менен Меморандум түзүлүп, анын алкагында,   айылдарды өнүктүрүүгө багытталган 9 айылдын проекттери жактырылып, 180 миң доллар өлчөмүндө акча каражат берилди.   2018-жылы ушул эле айылдарга киреше алып келүүчү чакан өндүрүш багытына 88 миң доллар гранттык каражат берүүсү пландаштырылууда.

Мындан тышкары Өнүктүрүү саясат институту, Ага Хан Фонду, ПРООН жана башка эл аралык уюмдар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жакындан жардам көрсөтүп келишет.     

 Өлкөнүн өнүгүүсү элдин жана этностук коомчулуктун биргеликте бейпил жашоосу менен тыгыз байланыштуу.

Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди бекемдөөнү калыптандыруу боюнча 2013-жылдын март айында Коргоо кеңешинде чечим кабыл алынып, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен 2013-2017 жылдар мезгилине Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чындоо Концепциясы кабыл алынып,  концепцияны ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу менен Биринчи кезектеги иш-чаралар планы бекитилген.

 Бекилилген иш-чаралардын алкагында Агенттик элдин бүтүндүгүн жана тынчтыгын сактоо үчүн ыңгайлуу шарт түзүү жана “Кыргыз жараны” интеграциясын өнүктүрүүгө багытталган иш-чараларды аткарылды.

Этностор аралык кырдаалга тынымсыз мониторинг жана анализ кылуу максатында БУУнун “Тынчтык жана Өнүгүү” Программасынын каржы жактан колдоосунда Агенттиктин алдында Мониторинг Борбору түзүлүп,   бийлик органдарында этностук топтордун өкүлчүлүктөрү жана жер-жерлерде этностор аралык жагдайлар боюнча изилдөөлөр жүргүзүлдү.  

Агенттиктин алдында этностор аралык коомдук консультативдик кеңеш жана коомдук эксперттик кеңеш түзүлгѳн.

Этностор аралык өңүттөгү чыр-чатактарды эртелеп алдын алуу жана аны болтурбоо боюнча мамлекеттик органдар менен биргеликте иш алып баруу максатында республиканын 20 полиэтникалык райондорунда жана шаарларында коомдук кабылдамалар ачылган.

Жооптуу катчылар тарабынан 4 жылдын ичинде 3932 профилактикалык иштер жүргүзүлүп, 3315 арыздарды кат жүзүндө жана оозеки кайрылууларды кабыл алышып, тиешелүү чараларды көрүшкөн.  

Агенттик тарабынан республиканын региондорунда этностор аралык чыр-чатактардын эртелеп алдын алуу боюнча УКМКнын жана ИИМдин диний экстремизимге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери менен тыгыз байланышта болуусу жөнгө салынган. Жыл сайын Агенттиктин УКМК, ИИМ, ДИМК менен биргеликтеги иш аракеттер планы иштелип чыгып, бекитилет.

Полиэтникалык район-шаарларда өз убагында мониторингди, кырдаалды баалоону, этностор аралык өңүттөгү чыр-чатактарды эртелеп алдын алуу боюнча  мамлекеттик органдар менен биргеликте өз ара ыкчам  иш алып баруу максатында Агенттик тарабынан БУУнун Ѳнүктүрүү Программасынын эксперттери менен биргеликте интерактивдүү карта иштелип чыккан.

            40 мектепке көп тилдүү билим берүү ыкмасы киргизилип,    2015-2016 окуу жылдарында Бишкек, Ош шаардарында жана өлкөнүн 15 районунун 56 мектептерине жана 5 мектепке чейинки билим берүү мекемелерине көп тилдүү пилоттук программа киргизилген.   

Мамлекеттик тилдеги 24 сааттык атайын билим берүү программанын алкагында, 2015-2017-жылдар аралыгында Бишкек шаарында жана Чүй, Ыссык-Көл, Ош, Жалал-Абал облустарында окутуулар болуп, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер 900 сертификатка ээ болушту.

Агенттик тарабынан этностор аралык диалогдордун аянтчасын түзүүгө, этностор аралык мамилелерди чыңдоого жана “Кыргыз жараны” жалпы жарандык бирдейликти калыптандырууга багытталган конференциялар, форумдар жана этнофестивалдар  бардыгы болуп 71 иш-чаралар өткөрүлгөн.   

Агенттик тарабынан элдин биримдигин бекемдөөгө багытталган полиэтникалык коомчулуктардын демилгелерин колдоо максатында  кичи гранттардын программасынын алкагында 47 долбоор колдоого алынып, аларга 13 508 900 (он үч млн. беш жүз сегиз миң тогуз жүз) сом акча каражаты бѳлүнүп берилди. Ал эми Кыргызстан элинин Ассамблеясынын курамына кирген коомдук бирикмелердин 12 долбоору колдоого ээ болуп, аларга 3 428 689 (үч млн. төрт жүз жыйырма сегиз миң алты жүз сексен тогуз)  сом акча каражаты бөлүнүп берилген.

  

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх