Агенттиктин директор Польша Республикасынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Агенттиктин директор Польша Республикасынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Бүгүн 14-майда Агенттиктин директору Б.У. Салиев Польша Парламентинин Жогорку Палатасынын сенаторлору Валдемар Краска, Артур Важоха ошондой эле Казахстан жана Кыргызстандагы Польша Республикасынын элчиси Селим Хазвиевич жана Польша Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Ардактуу Консулу Александр Златкин менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар Кыргыз Республикасындагы этностор аралык мамилелер жаатында сүйлөшүштү! 
Жолугушуунун жүрүшүндө Артур Важоха буга чейин тактап айтканда 13-майда Кыргызстан элинин Ассамблеясынын курамына кирген Кыргызстандагы ""Одродзение" Поляк маданий жана билим берүү бирикмеси" коомдук бирикмеси менен жолугушкандарын жана жолугуудан абдан жакшы пикирде экендигин айтуу менен Польша элинин атынан ыраазычылык билдирди. Анын билдирүүсүндө төмөндөгүдөй айтылат: "Этностор аралык мамилелер Кыргызстанда жакшы жолго коюлган жана баардык тиешелүү маселелер Өкмөттүк деңгээлде чечилет, бул нерсени биле жүрүү керек жана ыраазычылык сезимди сактоо керек".

Жолугушуунун жыйынтыгында эки тараптуу кызматташтыкты күчөтүү боюнча пикирлер айтылды.

 

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх