Жарандык интеграцияны өнүктүрүү, элдин ынтымагын бекемдөөгө багытталган ынтымак кубогу өткөрүлдү.

Жарандык интеграцияны өнүктүрүү, элдин ынтымагын бекемдөөгө багытталган  ынтымак кубогу өткөрүлдү.

Бүгүн 07.05.2018-ж. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Ананьево айыл аймагында  Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш. Жээнбековдун «2018-жыл Аймактарды  өнүктүрүү жылы» - деп жарыялоо жөнүндөгү Жарлыгынын алкагында  Кыргыз жараны - жарандык интеграцияны өнүктүрүү, элдин ынтымагын бекемдөөгө багытталган  ынтымак кубогу өткөрүлдү.

 Аталган иш чарага айыл  аймактагы 14 улуттардын өкүлдөрүнөн командалар түзүлүп, кичи футбол мелдеши уюштурулуп, жалпы 6 команда катышты.

Мелдештин жеӊүүчүлөрү кубок, медаль  жана диплом белектер менен сыйланышты.

Уюштуруучулар:  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги, Кыргызстан элинин Ассамблеясы,  Улуттук кызыл ай коому.

 

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх