Кадрдык өзгөрүүлөр!

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинде, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара кызматташуу бөлүмүнө башкы адис – Жалал-Абад облусу боюнча өкүлү жана уюштуруу иштери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына усулдук жана маалыматтык колдоо көрсөтүү башкармалыгына жетектөөчү адис - Талас облусу боюнча өкүлү бош мамлекеттик административдик кызмат ордуна, ачык конкурстун 3-4 этабы болуп өтүп, конкурстун жыйынтыгында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара кызматташуу бөлүмүнө башкы адис – Жалал-Абад облусу боюнча өкүлүнө Сагынов Шергазы Маматаминович, уюштуруу иштери, жергиликтүү өз алдынча  башкаруу органдарына усулдук жана маалыматтык колдоо көрсөтүү башкармалыгына жетектөөчү адис - Талас облусу боюнча өкүлүнө Осмонкулов Кайназар Убалиевич 2018-жылдын 2-апрелинен Агенттиктин директору Б.У.Салиевдин № 01-41/21 жана №01-41/22 буйругу менен дайындалышты.

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх