«Нооруз» майрамына арналган улуттук тамак-аштардын жана кол өнөрчүлүктүн көргөзмөсү

«Нооруз» майрамына арналган улуттук тамак-аштардын жана кол өнөрчүлүктүн көргөзмөсү

Улуттук тамак-аштардын жана кол өнөрчүлүктүн көргөзмөсү Достук Үйүнүн аянтында (Пушкин көчөсү 78) жалган курандын 21-де саат 11.00дө өтөт.

Нооруз - жаңылануунун символу.   Байыртадан бери  ушул күн  табияттын жаңылануунун  символу болуп, муундардын үзүлбөс байланышын элестете көрсөтүп келе жатат.  Нооруз биздин элибиздин каада-салтын жана маданиятын өзүнүн жаратуу, сулуулук энергиясы менен көрсөтөт. Ар дайым бул майрамды куттуктап жаткан кезде биз коомубуздун мурасталган ахлак-адептүү идеалдарына кайрылабыз. Ушул күнү баарыбыз эски таарынычтарды кечирип, бир бирибиз менен кубанычтуу менен кайрымдулуу болушубуз керек. Ноорузду канчалык ачык-чырайлуу, жылуу жүздүү маанай менен тосуп алсак, ошончолук табият да бизге жоомарт-берешен болот. Баарыбыз үчүн бул элдин биримдигинин, достуктун Улуу Майрамы, чыгыштын жаңы жылынын башталышы. Нооруз бул жаз күнүнүн нурунан өз жерибиздин кайтадан туулушу, бүткүл табияттын ойгонушу.

Жылдан жылга биздин эң маанилүү байлыгыбызды – тынчтыкты, элдин биримдигин, улуттар аралык макулдуулукту көбөйтүп жатабыз. Илгертеден бери Нооруз күнү ата-бабаларыбыз ушуну ойлонушчу эле – бул жаз майрамыбыздын эң терең мааниси.

Көргөзмөнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик Агенттиги жана Кыргызстан элинин Ассамблеясы уюштурушат. «Ала Тоо» борбордук аянтында өтө турган майрамдык концертке этникалык коомдук бирикмелеринин өздүк көркөм чыгармачылык топтору катышышат.

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх