Жалал-Абад жана Ош облусунун бир катар калктуу конуштарына айыл статусун берүү маселеси ведомтсволор аралык комиссияда каралып жактырылды

2018–жылдын 5 мартында  Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министринин жетекчилиги менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу административдик-территориалдык түзүлүш жана географиялык аталыштар боюнча Ведомстволор аралык комиссиясынын отуруму өттү.

Аталган отурумда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштер жана этностор аралык мамилер боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан иштелип чыккан “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ош облустарынын жана Ош шаарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору каралып анын негизинде Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Үч-Терек айыл аймагынын Такталык, Ош облусунун Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл аймагынын Торгой-Булак, Төлөйкөн айыл аймагынын Бодур-Таш, Жапалак, Ноокат районунун Исанов айыл аймагынын Кичи-Алай, Кулатов айыл аймагынын Абшыр-Ата, Арык-Тейит жана Кулуштан, Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл аймагынын Жайылма жана Кичи-Жайылма, Ош шаарынын Татар калктуу конуштарына айыл статусун ыйгаруу маселеси жактырылды.

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх