Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү маселеси ведомстволор аралык комиссияда каралды

2018-жылдын 17-февралында  Кыргыз Республикасынын         Өкмөтүнүн үйүндө Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы Д.А.Кенекеевдин төрагалыгы менен Кыргыз Республикасында жергиликтүү өзалдынча башкарууну өнүктүрүүнүн 2013-2017-жылдарга карата программасын ишке ашыруу боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын кезектеги отуруму өткөрүлдү.
         Кыргыз Республикасынын         Өкмөтүнүн 2014-жылдын 12 –июнунда № 217-р буйругу менен бекитилген Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү катышып, күн тартибиндеги 2 маселе каралды.

  1. Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн 2013-2017-жылдарга карата Программасынын аткарылышы туралуу.
  2.  Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн 2018-2022-жылдарга карата Программасын жана аны  ишке ашыруу боюнча иш-чара планын презентациялоо туралуу.

Агенттиктин директору  Б.У.Салиевдин   Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн 2013-2017-жылдарга карата программасын ишке ашыруу боюнча иш чаралардын Планынын аткарылышы жөнүндө жана Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн 2018-2022-жылдарга карата программасы боюнча маалыматтарын угуп жана талкуулап, чечим кабыл алынды.

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх