Коомдук кабылдамалардын катчыларынын курамы жаңыланды

2018-жылдын 16-февралында Агенттиктин жыйындар залында Агенттиктин директору Б.У.Салиевдин төрагалыгында Чүй облусунун Москва, Сокулук, Аламүдүн, Ысык-Ата полиэтникалык райондорунун жана Токмок шаарынын, ошондой эле Ысык-Көл облусунун  Каракол шаарынын этностор аралык маселелер боюнча жаңы дайындалган жооптуу катчылары менен жумушчу жыйыны өттү. Жыйында учурдагы абалды талдоо менен жер-жерлердеги этностор аралык мамилелерди жана диний кырдаалды баалоо,  “Кыргыз жараны” -жарандык интеграцияны өнүктүрүү концепциясы боюнча аткарылуучу иштер кенен талкууланып, баалуу сунуштар, ой-пикирлер айтылды жана  2018-жылга карата жаңы милдеттер белгиленди.  

         Жогорудагыдай жыйын 2018-жылдын 17-февралында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн имаратында Агенттиктин директорунун орун басары Э.А.Тогонбаевдин төрагалыгында республикабыздын Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарынын (Ош шаарынын) 14 полиэтникалык район, шаарларынын жаңы дайындалган жооптуу катчылары менен да өткөрүлдү.

Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди бекемдөө максатында 2014-жылдан бери Ош, Жалал-Абад, Баткен, Чүй облустарынын полиэтникалык район, шаарларында жана Ысык-Көл облусунун  Каракол шаарында этностор аралык маселелер боюнча Агенттик тарабынан 20 коомдук кабылдама ачылып иштеп жатат.

Коомдук кабылдамалардын жооптуу катчылары тарабынан  2013-2017-жылдар мезгилинде этностор аралык жана диний чыр-чатактардын эртелеп алдын алуу жана аларды болтурбоо максатында 3912 профилактикалык иштерди жүргүзүшкөн жана жергиликтүү тургундардан 3315 ар-кандай өңүттөгү кайрылууларды кабыл алышып, аларга тиешелүү чараларды көрүшкөн.

Аталган мезгил ичинде республиканын кээ бир  полиэтникалык район, шаарларындагы коомдук кабылдамалардын жооптуу катчылары ар кандай себептер менен жылдык  келишимдердин бүткөндүгүнө байланыштуу бошотулушуп, ордуларына жаңы талапкерлер кабыл алынган.

 

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх