Агенттиктин 2017-жылды жыйынтыктоо жана 2018-жылга карата милдеттерди аныктоо боюнча Коллегиясы өтөт

Мамлекеттик агенттиги өз ишмердүүлүгүн 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасынын Туруктуу Өнүктүрүүнүн Улуттук Стратегиясында, Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн 2013-2017-жылдарга карата Программасында, Элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо Концепциясында, Административдик-аймактык реформанын Концепциясында, Коррупцияга каршы туруунун мамлекеттик стратегиясында, “2013-2016-жылдарга Айрым өзгөчө статуска ээ болгон чек-ара аймактарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн жана коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик Программасында, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорунда мамлекеттик агенттикке жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу боюнча иш-чараларды камтып, Агенттиктин 2017-жылга түзүлгөн Комплекстүү иш-планына ылайык жүргүздү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин коллегиясынын отурумунун

КҮН ТАРТИБИ

      Датасы: 2018-жыл 31-январь, саат 10:00

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2017-жыл ичинде ишмердүүлүгү жана 2018-жылга карата милдеттери жөнүндө.
  2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2018-жылга карата иш-аракеттердин Комплекстүү планын бекитүү жөнүндө.
Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх