Аксы районунун Кара-Суу айыл аймагынын калктуу конуштарына айыл статусун берилет

"Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу Кыргызс Республикасынын Өкмөтүнүн 13.10.2017-жылы №667 томтому чыкты. Аталган токтом менен "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мйзамынын долбоору жактырылып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин кароосуна киргизилди. Аталган мыйзам долбоору кабыл алынса Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кашка-Суу айыл аймагынын Тосту, Туюк-Жар, Өлөң-Булак, Кара-Башат жана Чарбак калктуу конуштарына айыл статусу ыйгарылып, жергиликтүү жамааттарга өз кызыкчылыктары үчүн, жергиликтүү маанидеги маселелерди жоопкерчилик менен чечүүгө жана өз алдынча өнүгүүгө натыйжалуу шарт түзүп, социалдык жана экономикалык базасын чыңдоого жол ачылат.

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх