Концепциянын аткарылышы боюнча жыйындар өтүлүүдө

2017-жылдын 22-декабрында Ысык-Көл облусунун Каракол  шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин  2013-жылдын 10-апрелинде №74 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чындоо  Концепциясын ишке ашыруу максатында аткарылган иштер жана 2018-2023- жылдарга карата “Кыргыз жараны” -жарандык интеграцияны калыптандыруу боюнча алдыга коюлган максаттар жана милдеттерди талкуулоо боюнча жыйын өтөт. Жыйынга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Каракол  шаарынын мэриясынын жетекчилиги ж.б. жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Кыргызстан Элинин Ассамблеясынын Ысык-Көл облустук бөлүмүнүн мүчөлөрү, жергиликтүү күч органдарынын, улуттук маданий борборлордун, жогорку окуу жайлардын, облустук, шаардык мекеме-ишканалардын жана казыяттын жетекчилери чакырылган.

2013-2017-жылдар аралыгында Агенттик тарабынан жалпысынан мамлекеттик деңгээлде Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  Аппаратынын өкүлдөрүнүн катышуусунда, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары,  Кыргызстан Элинин Ассамблеясы, диний уюмдар жана өкмөттүк эмес уюмдар менен биргеликте 63 ар-түрдүү иш-чаралар өткөрүлгөн.

Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди бекемдөө максатында 2014-жылдан бери Ош, Жалал-Абад, Баткен, Чүй облустарынын полиэтникалык район, шаарларында жана Ысык-Көл облусунун  Каракол шаарында этностор аралык маселелер боюнча Агенттик тарабынан 20 коомдук кабылдама ачылып иштеп жатат.

2014-2017-жылдар аралыгында Агенттиктин коомдук кабылдамаларына жарандар тарабынан 3433 кайрылуу болуп, 3839 профилактикалык иш-чаралар өткөрүлгөн.

Бул жылы жогорудагы аталган концепцияны ийгиликтүү жыйынтыктап, элдик жыйындардагы сунуштар, ой-пикирлер, толуктоолор жана жаңы идеялар менен мындан ары 2018-2023-жылдар мезгилине "Кыргыз Жараны" Жарандык интеграциялоо концепциясын иштеп чыгуу пландаштырылууда.

Жогорудагы аталыштагы элдик жыйындар республикабыздын Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында дагы өткөрүлмөкчү.

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх