ЫСЫК-КӨЛ ЖАНА ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСТАРЫНДАГЫ 12 МУНИЦИПАЛИТЕТ КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮ ЖАКШЫРТУУГА 43 МЛН СОМДОН АШЫК КӨЛӨМДӨ ГРАНТ АЛЫШАТ

2017-жылдын апрель айында Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги каржылаган “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун (PSI) алкагында кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууга грантка өтүнмөлөр боюнча жеңүүчүлөр тандалып алынды. Гранттардын жалпы суммасы 43 млн. сомдон ашык болду. Ушуну менен бирге ЖӨБ органдарынын жана калктын өз салымы 10% болуш керек деген талаптын өзүндө алардын салымы 50% түздү (22 млн. сом). Бул болсо тандалып алынган кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу калк жана ЖӨБ органдары үчүн өтө маанилүү болгонун тастыктап турат.

“Жергиликтүү деңгээлдеги кызмат көрсөтүүлөрдүн туруктуулугун камсыздоо PSI долбоорунун идеясы болуп эсептелет. Тагыраак айтканда, биздин максатыбыз – техника сатып алуу, же муниципалитетте куур төшөө ишин каржылоо эмес. Биз калктын пайдасы үчүн келечекте да иштей бере турган туруктуу системаны түзүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөргө жардам берүү максатын көздөйбүз”, - деп белгиледи PSI долбоорунун адиси Асылбек Чекиров.

Гранттык комитет өткөргөн жыйындын жүрүшүндө Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарындагы 12 муниципалитеттен 16 жеңүүчү тандалып алынган. Гранттык комитеттин курамына Хельветас Свисс Интеркооперейшн, PSI долбоору, Өнүктүрүү саясат институту (ӨСИ), ЖӨБЭММА, Өкмөттүн Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ЖӨБ Союзу, ошондой эле LBD/ЛАРК коомдук фонду кирди. Жеңүүчүлөр Кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча Аракеттер пландардын (КЖАП) негизинде тандалып алынды.

Жеңүүчү деп табылган өтүнмөлөрдүн арасында төмөнкүдөй кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууга пландар бар: мектепке чейинки билим берүүнүн шарттарын жакшыртуу (бала бакчалардын, чыгармачыл үйлөрдүн, мектептеги ашканалардын ремонту), бош убакытты өткөрүү үчүн кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу (балдар жана спорттук аянтчаларды куруу, сейил бактарды калыбына келтирүү), турак жай-коммуналдык чарбалыктын ишин жакшыртуу, жарыктандыруу, калкты таза суу менен камсыздоо ж.б.

2017-жылдагы гранттык программанын жеңүүчүлөрү:

Жалал-Абад облусу         

  1. Токтогул шаары - ТКЧ
  2. Курманбек АА – Таза суу
  3. Бешик-Жон АА – Таза суу
  4. Жаңы-Жол АА, Токтогул – ТКЧ
  5. Кеңеш АА – Таза суу
  6. Авлетим АА – Жарыктандыруу
  7. Жаңы-Жол АА, Аксы - Жарыктандыруу
  8. Торкент АА – Мектеп (ашкана)
  9. Авлетим АА – Бала бакча
  10. Көк-Ирим АА – “Бирдик” бала бакчасы
  11. Каргалык АА – Сейил бак
  12. Токтогул ш. – Балдар үчүн чыгармачыл үй
  13. Тогуз-Торо АА – Мектеп (ашкана)
  14. Кеңеш            АА – ТКЧ
  15. Курманбек АА – Бала бакча

 

Ысык-Көл облусу 

  1. Балыкчы ш. – Сейил бак

Бүгүнкү күндө “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоору Кыргызстандын 30 пилоттук муниципалитетинде, алардын ичинен 28 айылдык аймакта жана эки шаарда иштейт.

Буга чейин 2016-жылы PSI Долбоору 42 млн. сомдон ашык суммага 12 муниципалитет берген кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча 14 демилгени колдоп берген. Ошону менен бүгүнкү күндө долбоор 30 КЖАПты ишке ашырууга 85 млн. сомдон ашык каражат бөлүүдө.

Ошондой эле бул жылы жергиликтүү деңгээлде сапаттуу жана жеткиликтүү кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө муниципалитеттер ортосунда өз ара аракетти колдоого конкурстун негизинде он миллион сомдун тегерегинде каражат бөлүп берүү пландалып жатат.

“Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” Долбоорун Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги каржылайт жана HELVETAS Swiss Intercooperation Kyrgyzstan уюмунун филиалы менен Development Policy Institute (Өнүктүрүү саясат институту) уюмунан турган консорциуму аткарат.***

Швейцария Өкмөтү Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө көмөктөшүп, саламаттык сактоо, жеке секторду өнүктүрүү, мамлекеттик секторду реформалоо жана инфраструктура өңдүү тармактардагы долбоорлорду колдоп келет.

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх