“Айылдарды өнүктүрүүдө жергиликтүү жамааттардын орду” аталыштагы беш күндүк семинар-тренинггинин ачылышы

 Бүгүн Чүй облусунун Сокулук районундагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн Манас айлында “Айылдарды өнүктүрүүдө жергиликтүү жамааттардын орду” аталыштагы  беш күндүк семинар-тренинггинин ачылышы болуп өттү.  Аталган иш чара “Кыргызстан Сэмаыль Лидерлер Лигасы” Коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулду. Ага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агентиги уюштуруу иштеринде, мамлекттик тийиштүү орган катары өз көмөгүн көрcөттү.Ачылыш аземин КР Өкмөтүнө караштуу ЖӨБЭММАнын директорунун кеңешчиси Өмүрбек Алманбатов ачып , аталган кыймылдын ыкмаларын республикада жайылтуу боюнча аткарылып жаткан жумуштар тууралуу айтып, катышуучуларга аймактарды өнүктүрүүгө кайдыгер карабай, жандуу аракетте гана алдыга коюлган максаттарга жетүүгө болоорун баса белгиледи. Андан соң Корея Республикасынын Семаыль Глобализациясы Фондунун долбоорлор башкармалыгы бөлүмүнүн жетекчиси Лее Куынг Бок мырза, Кыргызстан Сэмаыль Лидерлер Лигасы коомдук бирикмесинин жетекчиси  А. Жакыповдор куттуктоо сөздөрүн айтышты. Семинарды Түштүк Кореянын “Семаыль Ундон” кыймылынын, агенттиктин жана жергиликтүү жамаатардын мурда Кореядан окуп келген тренерлери алып бармакчы. Семинар-тренингдин ачылышына аталган кыймылдын активдүү мүчөлөрүнөн сырткары Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү тургундары катышты. Кыргызстанда Жаңы айыл кыймылы ( Сэмаыль Ундон)  2010- жылдан бери карай изилденип жергиликтүү лидерлер  тарабынан ишке киргизиле баштаган. Ошондон бери карай өнүгүп жүрүп отуруп бүгүнкү күндө эки өлкөнүн Мамлекттик ведомостволору  аралык кызматташтык деңгээлине чейин көтөрүлүп жетти. Семинар –тренингге  Жаңы айыл кыймылы боюнча иш жүргүзүп жатышкан  аймактардан отуздан ашуун жергиликтүү лидерлер катышууда. Жаңы айыл кыймылынын негизги багыты айылдарды өнүктүрүүдө мамлекетти эле карап отура бербей жергиликтүү жамаатар өз алдынча аракеттенүүсүн  жолго коюу болуп эсептелет. Айта кетчү жагдай, өткөн жылы дал ушул Манас айлында аталган кыймыл боюнча окутуу борбору агенттиктин көмөгү менен ачылган эле.

 

 

 

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх