«Монитордун ишин уюштуруу жана пландоо»

 Кыргыз Республикасында элдин биримдигин бекемдѳѳ жана этностор аралык мамилелерди чыӊдоо Концепциясын аткаруунун алкагында республиканын 15 полиэтникалык райондорунда жана 5 шаарларында 2014-жылдан бери Агенттик тарабынан түзүлүп иштеп келе жаткан чыр-чатактарды алдын алуу жана этностор аралык мамилени жөнгө салуу боюнча коомдук кабылдамалардын жооптуу катчыларынын потенциалын жогорулатуу жана кырдаалды мониторинг кылуу, коопсуздук маселесинин алдын алуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүнүн усулдук ыкмаларын  ошондой эле отчет даярдоону үйрөтүү боюнча тренинг өткөрүлдү. Тренингдин алкагында өтүлгөн тренингдердин жыйынтыгын чыгаруу жана  «Монитордун ишин уюштуруу жана пландоо» «Конфликти анализдөө, Ыкмалар жана инструменттер» ж.б.у.с. тематикалардын айланасында машыгуулар болду. Тренингдик машыгууларды Агенттиктин алдындагы Мониторинг борборунун аналитиктери, Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун жана ПРООНдун эксперттери тарабынан өткөрүлдү жана ИИМдин 10 Башкы башкармалыгынын, УКМКнын кызматкерлери дагы катышышты.

 

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх