Аз камсыз болгон жашоочуларынын денгээлин жогорлатуу үчүн коммисия түзүлөт

2016-жылдын 24-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Дж.Эгамбердиева  Кыргыз Республикасынын тургундарынын аз камсыз болгон катмарынын жашоо турмушунун деңгээлин көтөрүү боюнча кеңештин өкүлдөрүн кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө 2016-2017 жылдардын Кыргыз Республикасы боюнча аз камсыз болгон жашоочуларынын денгээлин жогорлатуу үчүн иш-чаранын жүрүшүнүн планын карашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында ведомстволор аралык жумушчу топ түзүүгө жана  жогоруда көрсөтүлгөн планды ишке ашырууда конкреттүү жол жоболорун иштеп чыгуу үчүн чечим кабыл алышты.

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх