Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖӨБЭММАнын (ГАМСУМО при ПКР) директору Дж.Ш. Эгамбердиеванын Түштүк Кореянын “СэмаыльУндон”, Эл аралык кыймылы жана “KOIKA” Корея мамлекеттик уюмунан келген расмий коноктор менен катардагы жолугушуусу болду

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖӨБЭММАнын (ГАМСУМО при ПКР) директору Дж.Ш. Эгамбердиеванын Түштүк Кореянын “СэмаыльУндон”, Эл аралык кыймылы жана “KOIKA” Корея мамлекеттик уюмунан келген расмий коноктор менен катардагы жолугушуусу болду.Айта кетчу жагдай агенттиктин директорунун  17- октябрдагы Корея мамлекетине барган расмий иш сапарында Кореянын Ички иштер министринин кабыл алуусунда болуп, Сэмаыльдын алкагында  эки тараптык кызматташуу боюнча мемарандумга  кол коюшкан. Мемарандумдун алкагында кызматташуунун жаңы этабында  “Менин айлым”долбоору түзүлдү. Өткөн жумада, Кореядан атайын иш сапары менен келген делегация КРӨ караштуу ЖӨБЭММАнын директору Дж.Ш. Эгамбердиеванын кабыл алуусунда болуп долбоордун алкагында ЖӨБЭММАнын тийиштүү кызматкерлеринин катышуусунда маселени талкуулашкан. Ыйгарым конокторду “KOIKA” эл аралык уюмунун Бишкек боюнча куротору мисс Кан Джи Ын жетектеп келген. Кореядан келген делегация  “СэмаыльУндон” дун алкагында иш алып барып жатышкан 45 айыл айыл менен жеринде таанышып келишти. 10-ноябрдан бери карай, Кореядан келген делегация сапарын аталган айылдарда, агенттиктин облустардагы өкүлдөрүнүн коштоосунда улантышкан. Айта кетчү жагдай Түштүк Корея Республикасынын Мамлекети тарабынан каржыланган “koika”   эл аралык уюму аркылуу үч жарым миллион доллар инвестиция  “Сэмаыль Ундон” кыймылынын  алкагында Кыргызстандын айылдарын өнүктүрүүгө жумшалмакчы. Эгер бул долбоор ишке ашып калса Кыргызстан тарап өздүк салым катары  миллион доллар жумшашы керек.Бүгүн  Кореядан келген делегациянын Кыргызстанга болгон иш-сапарынын алкагында агенттиктин тийиштүү кызматкерлери жана директору Дж.Ш. Эгамбердиева менен жыйынтыктоочу жолугушуусу болду. Натыйжада: Эки тарап дагы бир жолу ич ара сүйлөшүүлөрдөн кийин долбоорду ишке ашыруу үчүн ушул жылдын аягына чейин келишимге кол коюшмак болушту.Долбоорду ишке ашыруу 2017-жылдан 2020-жылга чейин жүргүзүлөт. 

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх