Сыйлык жалкы,сыймык жалпы

Ак ниет эмгеги жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө кошкон зор салымдары үчүн,КР Жергиликтүү жамааттарынын күнүн майрамдоого жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 25 жылдыгына байланыштуу КРӨ караштуу  ЖӨБЭММАнын  кызматкерлери сыйланышты.

Кыргыз Республикасынын  Премьер-министиринин 2016-жылдын  4-ноябры, №587 буйругунун негизинде агенттиктин  директорунун кеңешчиси  Ө.Б. Алманбетов  КР Премьер-министринин (ысымы жазылган) кол саат менен сыйланды.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси-министринин 2016-жылдын 8-ноябры,№203 буйругу менен агенттиктин коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым өкүлү Ахмедова Айгуль Мамедовна Өкмөттүн Аппаратынын  “Ардак грамотасы” ж.о.э административдик жана кадр иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы Султакеева Айнура Токтогуловна    “грамотасы” менен сыйланышты.

 

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх