“Кыргызстанда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун калыптанышы жана өнүгүү келечеги” аттуу илимий -практикалык конференция

 

Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн  2016-жылдын  4-ноябрь, №475-б. Буйругунун негизинде, КР Жергиликтүү жамааттарынын күнүн майрамдоого, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына байланыштуу “Кыргызстанда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун калыптанышы жана өнүгүү келечеги” аттуу илимий -практикалык конференция өткөзүлдү.

Иш чара, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан уюштурулуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Аппараттарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, эл аралык, өкмөттүк эмес уюмдарынын өкүлдөрү катышты.

Дагы бир жагдай иш чаранын алкагында жыл сайын өтүүчү “Эң мыкты айыл өкмөтү 2015” КР Өкмөттүк сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталып  сыйлыктар ыйгарылды. Биринчи орун - 3 000 000 сом байге фонду менен Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Бүргөндү айыл өкмөтү. Экинчи орун-  2 000 000 сом байге фонду менен: Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнө 1 000 000 сом тапшыруу менен; Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун  Барскоон айыл өкмөтүнө. Үчүнчү орун- 1 000 000 сом  байге фонду менен Ош облусунун Араван районунун Тепе-Коргон айыл өкмөтүнө акчалай сыйлыктарынын сертификаты тапшырылды. Андан тышкары КР Жогорку Кеңешинин, Өкмөтүнүн сыйлыктары жана агенттиктин  “жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мыктысы” төш белгиси, ардак грамоталары татыктууларга ыйгарылды.

 “Кыргызстанда  Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун калыптанышы жана өнүгүү келечеги” аттуу илимий -практикалык Конференцияга Эстония, Латвия мамлекеттеринен тажырыйба алмашуу максатында,  расмий коноктор келип катышты.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу Академиясынын жыйындар залында өткөрүлдү.

 

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх