“Кыргызстанда Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун Орношу жана келечеги” аттуу илимий -практикалык Конференцияга Эстония, Латвия мамлекеттеринен расмий коноктор келип катышат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Жергиликтуу жааматтардын кунунө карата Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин, Кыргыз Республикасыны Президентинин жана Өкмөтүнүн Аппараттарынын, жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдарынын, эл аралык, өкмөттүк эмес уюмдарынын өкүлдөрунүн катышуусу менен “Кыргызстанда жергиликтүү үз алдынча башкаруу. Орношу жана келечеги” аттуу илимий -практикалык конференцияны өткөрүү пландаштырган. Аталган конференцияга Эстония, Латвия мамлекеттеринен расмий конктор келип катышат.  Дагы бир жагдай иш чаранын алкагында жыл сайын өтүүчү “Мыкты Айыл Өкмөтү2015” КР Өкмөттүк сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталып  Сыйлыктар ыйгарылмакчы. Биринчи орун үчүн 3000 000сом. Экинчи орун 2000 000сом. Үчүнчү орун үчүн 1000 000сом акчалай сыйлыктары тапшырылмакчы.(алдынкы орундар үчүн Ысык-Көл,Нарын, Жалал-Абад,Ош облустарынан бирден айыл өкмөттөр тандалып алынган)

Конференция 2016-жылдын 10-ноябрь айында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу Академиясынын жыйындар залында өткөрүлөт

 

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх