“Сэмаыль Ундон” Жаңы айыл долбоору эми түштүк жергесинде

 

Бүгүн саат 14.00дон 16.00го чейин. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖӨБЭММАнын (ГАМСУМО при ПКР) директору Дж.Ш. Эгамбердиеванын Түштүк Кореянын “СэмаыльУндон” Эл аралык кыймылынын чакыруусу  менен 17- октябрдагы барган расмий иш сапарында Кореянын Ички иштер министринин кабыл алуусунда болуп, Сэмаыльдын алкагында  эки тараптык кызматташуу боюнча мемарандумга  кол коюшкан. Мемарандумдун алкагында кызматташуунун жаңы этабын Баткен ж Ош облустарынан бирден айыл тандалып алынып (Кадамжай р-н Көтөрмө Өзгөн районунан Куршаб) “Менин айлым”долбоору түзүлдү. Ошонун негизинде Кореядан атайын иш сапары менен келген делегация КРӨ караштуу ЖӨБЭММАнын директору Дж.Ш. Эгамбердиеванын кабыл алуусунда болуп долбоордун алкагында ЖӨБЭММАнын тийиштүү кызматкерлеринин катышуусунда маселени талкуулашты. Ыйгарым конокторду “KOIKA” эл аралык уюмунун Бишкек боюнча куротору мисс Кан Джи Ын жетектеп келген. Ошондой эле агенттик буга чейинки “СэмаыльУндон” дун алкагында иш алып барып жатышкан 45 айыл тууралу маалымат беришти. 10-ноябрда Кореядан келген делегация сапарын аталган айылдарда, агенттиктин облустардагы өкүлдөрүнүн коштоосунда улантышат. Айта кетчү жагдай Түштүк Корея Республикасынын Мамлекети тарабынан каржыланган “koika”   эл аралык уюму аркылуу төрт жарым миллион доллар инвестиция  “Сэмаыль Ундон” кыймылынын  алкагында Кыргызстандын айылдарын өнүктүрүүгө жумшалмакчы. Эгер бул долбоор ишке ашып калса Кыргызстан тарап өздүк салым катары  миллион доллар жумшашы керек. Айта кетчү жагдай  жергиликтүү өз алдынча башкаруу адистиги боюнча агенттиктен үч кызматкерди Кореянын  жогорку  окуу жайларында магистратурадан окутууну  корея тарап сунуш кылышты.

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх