Маки Шинохара айым 11-ноябрда өткөзүлө турган Жарансыздыкты жоюу боюнча Чоң жыйынга катышып берүүсүн агенттиктин директору Дж.Ш. Эгамбердиевадан өтүңдү

03.11.16.

Бүгүн эртең мененки саат 10до КР Өкмөтүнө караштуу  Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агентигинин директору Эгамбердиева Жумагуль Шариповна менен БУУнун Башкы Комиссариатынын Бишкекетеги Башкармалыгынын башчысы  Маки Шинохара айым ( Мамагантикте) жолугушту. Эки тарап бүгүнкү күнгө чейин ишке ашырылып бүткөн  долбоорлор жөнүндө өз ойлорун ортого салышты.  Андан ары жолугушуунун жүрүшүндө алдыдагы кызматташуу тууралу пикир алмашышты. Аткаруудагы жарансыздыкты жоюу боюнча долбоордун негизинде Кыргызстанда 12 миң адам жарандыгы жок экендиги такталып. 9000не паспорттор берилип жарандыгы кабыл алынган. Ал эми эки  этабка бөлүнгөн долбоордун экинчи этабын ишке ашыруу оор болгондуктан бирге иш алып барууну улантуу керектигин бир пикирден макул көрүштү. Андан сырткары  Маки  Шинохара айым 11-ноябрда өткөзүлө турган  Жарансыздыкты жоюу боюнча Чоң жыйынга катышып берүүсүн агенттиктин директору Дж.Ш. Эгамбердиевадан өтүңдү.Айта кетчүү  агымдуу жагдай Маки Шинохара айымдын өз сөзүндө  БУУнун эсеби боюнча Кыргызстан, Тайланд өлкөлөрү дүйнө жүзү боюнча баардык мамлекеттерден озуп жарансыздыкты жоюу боюнча алдыңкы орунга чыккан. Агентиктин директору Маки Шинохара айымга  жана БУУнун башкы Комиссариатынын Бишкек өкүлчүлүгүнө буга чейинки кызматташуудагы көрсөткөн жардамдарына ыраазычылык айтып ж.о.э. мындан ары дагы кызматташууга даяр экендигин билдирди. 

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх