Монитордун ишин уюштуруу жана пландоо

2016-жылдын 27-28-октябрь күндөрү Ош шаарында Агенттиктин көп этностуу район шаарларындагы коомдук кабылдамалардын жооптуу катчыларын потенциалын жогорулатуу жана кырдаалды монтинг кылуу, чыр-чатакты алдын алуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүнүн ыкмаларын  ошондой эле отчет даярдоону үйрөтүү боюнча тренинг өткөрүлдү. Тренингдин алкагында «Монитордун ишин уюштуруу жана пландоо», «Ачык жана жабык маалымат булактары менен иштөө ыкмалары», «Талаа шартында маалымат топтоо ыкмаларын иштеп берүү», «Миграциялык процесстердин этностор аралык мамилелерге тийгизген таасирин мониторингдөө», «Диний кырдаалдын этностор аралык мамилелерге тийгизген таасири» ж.б.у.с. тематикалардын айланасында машыгуулар болуп өттү. Ошондой эле Араван районунун айыл аймактарында көчмө сессиялар өткөрүлдү. Тренингдик машыгууларды Агенттиктин алдындагы Мониторинг борборунун аналитиктери жана Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун эксперттери жана ПРООНдун эксперттери тарабынан өткөрүлдү.

 

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх