Мыкты айыл өкмөтү 2015 сынагы жыйынтыкталууда

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери жалпы республикалык «Эң мыкты айыл өкмөтү” сынагын алкагында облустарга иш сапарда жүрүшөт

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги кызматкерлери, жалпы республикалык “Эң мыкты айыл өкмөтү” сынагын 2015-жылдын жыйынтыгы менен жеңүүчүлөрдү аныктоо максатында республикалык комиссия курамында облустарда иш алпарышууда.

Аталаган иш-чаранын жыйынтыгы менен “Эң мыты айыл өкмөтү” сынагын өткөрүүнүн Жобосуна ылайык, облустук комиссиялардан келип түшкон сунуштардын негизинде 2015-жылдын жыйынтыгы менен жеңүүчүлөр аныкталат

 

Маалымат катары:

Республикалык комиссиянын курамына 13 адам кирет. 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча “Эң мыкты айыл өкмөтү” сынагынын катышуучулары:

Район

Айыл окмоту

 

1. НАРЫН ОБЛУСУ

1

Жумгал

Баш-Кууганды

2

Ат-Башы

Кару-Суу

2. ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ

1

Ноокен

Бүрөндү

2

Ала-Бука

1-Май

3. ОШ ОБЛУСУ

1

Алай

Талды-Суу

2

Араван

Тепе-Коргон

4. БАТКЕН ОБЛУСУ

1

Лейлек

Жаңы-Жер

2

Кадамжай

Үч-Коргон

5. ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУ

1

Жети –Өгүз

Барскоон

2

Ак-Суу

Теплоключенка

6. ЧҮЙ ОБЛУСУ

1

Ысык-Ата

Кочкорбаев

2

Аламүдүн

Арашан

7. ТАЛАС ОБЛУСУ

1

Талас

Көк-Ой

2

Кара-Буура

Кара-Буура

Кыргыз Республикаснын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-апрелиндеги № 181 токтомуна ылайык "Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына жалпы мамлекеттик сынактын байге фонду төмөнкүдөй белгиленет:

- 1-орунга - 3,0 (үч) млн. сом;

- 2-орунга - 2,0 (эки) млн. сом;

- 3-орунга - 1,0 (бир) млн. сом.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН

ТОКТОМУ

2013-жылдын 9-апрели № 181

"Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына жалпы мамлекеттик сынак өткөрүү тартиби жөнүндө жобону
бекитүү тууралуу

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы № 329 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине түрткү берүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялыкМыйзамынын 17-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы № 329 токтомунун редакциясына ылайык)

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген: "Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына жалпы мамлекеттик сынак өткөрүү тартиби жөнүндө Жобо (мындан ары - Жобо) бекитилсин.

2. "Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына жалпы мамлекеттик сынактын байге фонду төмөнкүдөй белгиленсин:

- 1-орунга - 3,0 (үч) млн. сом;

- 2-орунга - 2,0 (эки) млн. сом;

- 3-орунга - 1,0 (бир) млн. сом.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, райондордун жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары бул токтом күчүнө кирген күндөн баштап отуз күндүк мөөнөттө:

- айыл өкмөттөрүнүн ортосунда "Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына жалпы мамлекеттик сынакты (мындан ары - сынак) даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу иштерин жүргүзүшсүн;

- сынак өткөрүүнүн жүрүшүн контролдоону жана байгелүү орундарга талапкерлерди көрсөтүүнүн ачыктыгын камсыз кылышсын;

- сынак өткөрүү жана жыйынтыгын чыгаруу боюнча облустук жана райондук комиссияларды түзүшсүн;

- сынак өткөрүүнүн жүрүшүн жана жыйынтыктарын жалпыга маалымдоо каражаттарында кеңири чагылдырууну камсыз кылышсын.

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-мартындагы № 177 "Социалдык-экономикалык реформаларды тереңдетүү жана жакырчылыкты азайтуу боюнча областтар, райондор, шаарлар жана айыл өкмөттөрүнүн ортосунда республикалык сынак уюштуруу жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 24-январындагы № 33 "Кыргыз Республикасынын айылдагы калктуу конуштарын абаттоо жана социалдык инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча сынактарды өткөрүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтому.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттикке жүктөлсүн.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

"Эркин Тоо" газетасынын 2013-жылдын 12-апрелинде № 28 жарыяланды

 

Премьер-министри

 

Ж. Сатыбалдиев

 

 

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх