Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖӨБЭММАнын директору Дж.Ш. Эгамбердиева Түштүк Кореяда расмий иш сапары менен жүрөт.

19.10.2016.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖӨБЭММАнын директору Дж.Ш. Эгамбердиева Түштүк Кореяда расмий иш сапары менен жүрөт. Аталган иш сапарга Кореянын  “СэмаыльУндон” Эл аралык кыймылынын чакыруусу  менен барган. Иш сапардын жүрүшүндө 17-октябрда Кореянын Ички иштер министринин кабыл алуусунда болуп, Сэмаыльдын алкагында  эки тараптык кызматташуу боюнча мемарандумга  кол коюшту. 19-октябрда “Сэмаыль Ундон”дун президенти  Со Джин Кван мырза менен жолугушуп мындан аркы кызматташуу тууралу пикир алмашышты. Ошол эле күнү  Кореянын  “Ариракт” мамлекеттик радиосуна  Корея  Кыргызстан кызматташтыгы  боюнча маек курду.

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх