Мындан ары ЖӨБЭММА менен “Пирамида”медиа холдинги расмий өнөктөш болуп калды.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу  ЖӨБЭММАнын директору Б.К.Рыспаев менен “Пирамида” медиа холдингинин директору Н.Токтогулова эки тараптык кызматташуу боюнча меморандумга  кол коюшту.

       Иш-чаранын жүрүшүндө эки тараптын жетекчилери сөз сүйлөштү. Андан соң агенттик менен “Пирамида” каналы  биргеликте жарыкка алып чыгып жаткан “Айыл өкмөтү” көрсөтүүсү тууралуу эмгек жамаатка презентация жасалды.

 Меморандумга кол коюшуунун максаты коомчулукту агенттикте жана жергиликтүү  өз алдынча башкаруу органдарында жасалып жаткан иштер туурасында маалымдар кылып турууну көздөйт.

Мындан ары  ЖӨБЭММА менен “Пирамида”медиа холдинги расмий өнөктөш болуп калды.

 

 

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх