“Айыл өкмөтү” аймактарда

 

КР Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекттик агенттиги “Пирамида” телеканалы менен биргеликте “Айыл өкмөтү” көрсөтүүсүн жарыкка чыгарды. Аталган көрсөтүү айыл өкмөттөрүнүн ортосунда тажрыйба алмашуу аркасында, атаандаштыкты артыруу максатын көздөйт. Чүй областынын беш айыл өкмөтү эфирге берилди. Учурда  Ысыккөл аймагындагы төрт райондон тартылып алынган Акчий, Карой, Акбулуң, Барскоон, Күнчыгыш айыл өкмөттөрү жарыкка чыгууда.  Бүгүнкү күндө Агенттиктин уюштуруусунда каналдын чыгармачыл тобу Талас жергесинде иш сапарда жүрүшөт.

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх