Агенттик тарабынан жер-жерлерде семинарлар өткөрүлүүдө

    

 

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Мыйзамын аткаруу боюнча Агенттик тарабынан жер-жерлерде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү кеңештин депутаттары үчүн семинарлар өткөрүлүүдө.

Бул семинардын алкагында айыл өкмөт башчыларын, жооптуу катчыларын, шаардык мэриянын мэрлерин, вице-мэрлерин жана жергиликтүү кеңештин төрагаларын муниципалдык кызматтардын кошумча тизмегин түзүп бекитиүү жана оптималдаштыруу боюнча окутуулар өткөрүлдү.

- 2016-жылдын 15-мартында Талас облусундагы 37 айыл өкмөтү, 1 шаардык мэрия жана 38 жергиликтүү кеңештер үчүн семинар өткөрүлдү.

- 2016-жылдын 25-26-апрелинде Баткен облусундагы 31 айыл өкмөтү 6 шаардык мэрия жана 37 жергиликтүү кеңештер үчүн семинар өткөрүлдү.

- 2016-жылдын 28-апрелинде Борбордук Азия Университетинин долбоорунун колдоосу менен  Чүй облусунун Сокулук районундагы Крупская айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлери, айылдык кеңешинин депутаттары үчүн окутуу семинары өткөрүлдү.

 



Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх