Кыргызстан элинин ассамблеясынын 8- курултайы

 

Кыргызстан элинин ассамблеясынын 8- курултайы 30- апрелде болуп өттү.  Курултайда ассамблеянын төрагасы алмашты.  Б.Мурзубраимов  төрагалык мөөнөтү аяктаганына байланыштуу атчетун тапшырды.  Аталган курултайдын жүрушүндө  ассамблеянын түзумдөрүнүн жаңы курамдары бекитилди. Иш чарага сексенге жакын кыргыз этносторунун өкүлдөрүнүн беш жүзгө жакын  делегаттары катышты.  Анда бүгүнкү күндүн талылуу маселелери каралды. Курултайды аракеттеги төрага Б. Мурзубраимов ачып, алгач КР Президенти  А. Атамбаевдин куттуктоо сөзүн  КР президентинин апарат башчысынын биринчи орун басары А. Карашов  катышуучуларга жолдоду.  Кулултай КР Биринчи вице- премьери М. Абулгазиевдин катышуусунда өттү. Ошондой эле ЖӨБЭММА нын  директору   Б.Рыспаевдин куттуктоосун айтуу менен агенттиктин директорунун орун басары Б. Салиев аткарылган  жана аракеттеги иштер туурасында доклад жасады. Жүрүшү катышуучулардын  жарыш сөзү менен коштолду.  Ишин жыйынтыктап жатып Б. Мурзубраимов  Т.Мамытовдун  талапкерлигин төрагалыка көрсөттү. Жыйынтыгында  бир  добуштан  Т. Мамытов ассамблеянын төрагасы болуп шайланды.

 

 

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх