Дачаларга айыл статусун берүү маселеси каралды

22-апрелде КР Өкмөтүнө караштуу ЖӨБЭММАнын директору Б.Рыспаев, Жогорку  Кеңештин депутаты Итмар Байпакбаев жана тиешелүү тармактардын өкүлдөрү,  Сокулук районуна караштуу Атбашы айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан дачалык тилкелерде жашап жатышкан миңдеген үйбүлөлөрдүн лидерлери менен жолугушусу болуп өттү. Дачалык тилкелерге айыл статусун берүү менен алардын эң жөнөкөй социалдык, укуктук көйгөйлөрүн  чечүүнү  талкуулашты. Жолугушуунун жыйынтыгында жогоруда аталган Айыл Өкмөттөр менен Жергиликтүү кеңештерге аймагында жайгашкан дачалык тилкелерге айыл статусун берүүнү карап чыгуу сунушталды.Кошумчалай кетсек республика боюнча 452 дачалык шериктештик (товарищество) бар, алардын ичинен Чүй облусунда 298, Ысык-Көл облусунда 88, Талас облусунда 4, Ош жана Жалал-Абад облустарында 62. Жалпы ээлеген аянты 3650.81 га түзөт. Бул дачаларда элүү жети миңдей дачалык тилкеде (дачный участок) миңдеген жарандар жашап келет. Бирок бул жарандар жашаган жери боюнча каттоого туруу мүмкүнчүлүгү болбогондуктан, ооруукана, бала-бакча, мектеп сыяктуу бир топ көйгөйлөргө туш болушууда.  Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 73-беренесине жана  “Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын                    1-беренесине ылайык, дачалардын жерлери айыл чарба багытындагы жерлер болуп эсептелинет. Ошондуктан, дачаларга айыл макамын берүү үчүн ал жерлерди калктуу конуштар категориясына которуу керек болот.

Ошондой эле, дачаларда жарандардын жашоосуна ылайыктуу шарттар (социалдык обьектилер, инфраструкккктура ж.б) каралган эмес, курулушу шаар куруу документтерине, үй куруу эрежелерине дал келбейт. Өрт коопсуздугунун жана санитардык нормалар сакталган эмес жана көчөлөрү 3-01-95 КР СНиП ке ылайык келбейт.

Дачаларга айыл статусун берип, же башка жол менен бул маселелерди чечүү үчүн аларга инвентаризация жүргүзүү зарыл. Ошондуктан айыл чарба министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн инвентаризация жүргүзүү тууралуу буйругунун долбоору даярдалууда.

Өкмөттүн 2015-жылдын 26-майындагы №и-622 тапшырмасына ылайык, Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министрлиги тарабынан дачалардын маселесин иликтөө үчүн ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, иш алып барган. Жыйынтыгында аталган комиссия көтөрүлүп жаткан маселени мыйзамдуу чечүү үчүн адегенде дачалардын жайгашан жери, так чек аралары, аянты, туруктуу жашоочуларынын саны жана башка маалыматтарды тактоо зарылдыгын белгилеп, дачаларды толук инвентаризациялоону сунуштаган.

Маселени чечүүнүн болжолдуу жолдору төмөнкүлөр:

1. Айыл макамын берүү;

2. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын административдик аймактык түзүлүшү тууралуу” Мыйзамына шаар жана айылдар менен катар эле “Дача” түшүнүгүн киргизип, дачаларды административдик аймактык бирдиктердин жана калктуу конуштардын катарына кошуу;

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-декабрындагы №886 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жери жана барган жери боюнча каттоо жана каттоо эсебинен чыгаруу эрежелери жөнүндө Жобого тийешелүү толуктоолорду киргизүү жолу менен чечүү.

 

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх