Ынтымак ыры

      Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча агенттиги.  Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо Концепциясында каралган маселелерди ишке ашыруу максатында, Агенттик коомдук уюмдар үчүн  жарыялаган чакан гранттык тендердин жыйынтыгында,  “Таалим-Форум” коомдук фонду  “Ынтымак ыры”аттуу китеп басып чыгарды. Айта кетчү жагдай аталган китепче Бишкек шаардык Балдар бакчаларына,китепканаларга бекер таратылды. Ошондой эле “Ынтымак ыры”түстүү китепчеси КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы тарабынан жактырылып, ыры нотага түшүрүлгөн. Китепче Кыргыз билим берүү академиясынын “Мектепке чейинки жана башталгыч мектепте билим берүү” лабораториясында каралып пайдаланууга сунушталды. Агенттик 2016-жылдын 27-апрелинде Бишкек шаардык №165 бала бакчасында Миргүл Наралиеванын “Ынтымак ыры” аталышындагы ырынын негизинде түзүлгөн сүрөттүү ыр китепчесинин бет ачар аземи уюштурулду .Китепче концепцияга; ылайык бардык кыргызстандыктардын мамлекеттик тилди үйрөнүшү жана билиши үчүн шарттарды түзүү аркылуу мамлекеттик тилдин бириктирүүчү ролун чындап камсыз кылуу үчүн тең салмакталган тил саясатын жүзөгө ашыруу максатында даярдалган. Баса белгилей кетсек пландуу максаттарды турмушка ашыруу  далалатында. Баардык жакшылыкка карай башат балалыктан башталат демекчи  кыргыз улуттук биримдигин чыңдоо максатында баардык этносторду мамилекеттик тилди негиз тутуп кыргыз улутунун кайра жаралуусун шартоо менен элдердин байыртан келаткан ажырагыс биримдигин элдик дипломатиянын уңгусун калыптандыруу максатында, аталган концепцияны ишке ашыруунун бир булагы болуп саналат. Биз сөз кылып жаткан китептеги ырдын биринчи куплетинде:

Мекенибиз, мекенибиз-Кыргызстан!

Ардактайбыз, сүйөбүз.

Ар улуттан,ар улуттан болсок да,

Бир туугандай жүрөбүз. Деп жазылгандай, бул бала бакчанын тандалып алынышын себеби:  Дал ушул  балдар бакчасында көптөгөн этностордун балдары бүгүнкү күндө тарбия алышууда. Ынтымак ыры келчектеги кыргыз жарандары болгон бүгүнкү бөбөктөрдүн гимнине айланат десек туура болчудай. Иш чарага агенттиктин пресс-катчысы Сураган Босумбаев. Этникалык мамилелер башкармалыгынын башкы адиси Назар Ырсалиев. Коомдук уюмдар менен иштөө бөлүмүнүн башкы адиси Замир Ыманкалиев. Бишкек шаардык Билим берүү башкармалыгынын башкы адистери Чынара Намарбекова  Галина Василева. Пирамида Мамлекеттик телеканалынын редектору Ырыс Иметалиева ошондой эле Бишкек шаарына караштуу  1-Май, Свердлов, Ленин, Октябрь райондорунун атайын  адистери катышышты. Келген меймандар өз сөздөрүндө аталган китеп учурдун айныгыз талабы экендигин жана балдарды тарбиялоодо зор салымын кошоорун бир ооздон айтып өтүштү. Бирок бүткүл республикалык аймакка жеткидей нускада чыкканда мындан дагы алгылыктуу болмоктугун эскере кетишти. Аягында, Балабакчанын тарбиялануучулары болгон бөбөктөр иш чараны маарекеге айлантышып ыр,бийлери менен коштоо аркасында шаңга бөлөштү. Бетачар аземин уюштурууда №165- Балдар бакчасынын башчысы Гүлкайыр Өмүралиеванын  эмгегин айта кетүү абзелирек.

 

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх