Казакстандан магистранттар тажрыйба алмашууга келишти

21.04.16

     Ханнс Зайделя фондунун гранттык колдоосу аркасында  Казакстандын президентине карштуу Мамлекеттик Башкару Академиясынын магистранттары Акмоло облусунун Бурабай кыштагынын акиминин орун басары Бахтияр-Дана Калабаев, Балхаш шаар акиминин башкы адиси Еркен Беркеновдор   ЖӨБЭММА га   жергиликтүү өзалдынча башкаруу тутуму жана мамилекеттик башкаруу түзүмү менен таанышып тажрыйба алмашууга келишти. Ошондой эле агенттиктин директору Бакыт Рыспаевдин кабыл алуусунда болушуту. Андан тышкары этностор аралык мамилени жөнгө салуу боюнча Улуттук концепцияны ишке ашыруудагы буга чейинки жасалган иштердин жыйынтыгына арналган жыйынга жана сүрөт көргөзмөсүнө  катышышты.  Жыйындын Жүрүшүндө пикир алмашуу болуп бизде жасалып жаткан иштерден бир топ сабак алышканын белгилеп өтүштү.

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх