Түрк туугандар тарабынан Ататүрк паркы оңдоого алынат

21/04/2016-ж

Түрк Дүйнөсүнүн Мунициппалитеттер Биримдигинин башкы катчысы Фахри Солак, Түркиянын Кожали шаарынын  мэриясына караштуу  жашылдандыруу, бакчалар жана парктар башкармалыгынын  директору Женан Туран. Аталган шаардын пейзаж боюнча архитектору Хакан Озден ошондой эле инженер архитектору Мехмет Демирель 21-апрелде атайын иш сапар менен Бишкекке келишти.  КР Өкмөтүнө караштуу ЖӨБЭММА директору Бакыт Рыспаедин  өткөн айдагы  Түркияга болгон расмий иш сапарында макулдашууга жетишилген  келишимдердин негизинде   чакырык алышкан. Иш сапарларынын негизин Борбор калаабыздагы “ Ататүрк” паркындагы “Ататүрк” эстелигин  реставрация жасоого жана парктты реконструкциялоо боюнча иштерди колго алууну  жогоруда аталган биримдик өз мойнуна алууда. Бүгүнкү күндө  Бишкек Шаадык архитектурасы ж.б. атайык кызматтар менен аткаруудагы иш пландар боюнча талкуулар жүргүзүлүп  чыгымдар сметасын карашууда.  Иш сапардын түзүлгөн програмасы боюнча  агенттиктин директору Б. Рыспаевдин  расмий кабыл алуусунда эки тараптын эки тараптын жолугушуусу болду. Андан соң аталган коноктор курамы Бишкек шаарынын мэринин кабыл алуусунда да болушту

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх