Агенттиктин жетекчилиги, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жолугушуусу уюштурулду.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин жыйындар залында 2016-жылдын 15-апрелде Агенттиктин жетекчилиги жана жамааты менен айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештин депутаттары менен жолугушуусу уюштурулуп өткөрүлдү.

Жолугушууда Агенттиктин статс-катчысы Икрамов Санжар Икрамович Агенттиктин жалпы ишмердиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердигин жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштери жана алдыдагы пландары тууралуу маалымат берип өттү.

Агенттиктин тиешелүү бөлүм башчылары тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын жана жергиликтүү кеңештин депуттаттарынын бир топ суроолоруна жооп берилди.

Ошондой эле Агентикке айыл өкмөттөрүнүн башчылары жана жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан бир топ сунуштар айтылып, көйгөйлүү маселелерди чечүү тууралуу пикир алмашуу болду.

Агенттиктин жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча башкармалыгынын адистери тарабынан муниципалдык кызматтарды оптималдаштыруу боюнча презентация жасалып түшүндүрүү берилди.

Агенттиктин жетекчилиги жана жамааты 2015-жыл ичинде жана 2016-жылдын 1-кварталында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бир топ жолугушууларды жана семинарларды өткөрдү.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын көйгөйлүү маселелерин чечүүгө жана ишмердигин жакшыртууга көмөк көрсөтүү максатында Агенттик 2016-жыл ичинде да жер-жерлерде мындай жолугушууларды өткөрүүнү пландоодо. 

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх