Мамлекеттик тил

mamtil

 

 

 

         Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча  башкаруу иштери жана этностор аралык  мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2016-жылдын 31-мартындагы  № 01-24/47 буйругуна  жана Агенттиктин мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча 2016-жылдын иш планына ылайык Агенттиктин кызматкерлери арасында “Мамлекеттик тилди мыкты иш алып барган бөлүм-2016” жана “Мамлекеттик тилде мыкты иш алып барган кызматкер-2016” кароо-сынагы жарыяланды.

        Кароо-сынакты өткөрүүнүн Жобосу иштелип чыгып, калыстар тобунун курамы, кетүүчү чыгымдардын сметасы бекитилди.

        Кароо-сынак 2016-жылдын  март айынан тартып, 2016-жылдын сентябрь айына чейин өткөрүлөт. 

        Кароо-сынактын катышуучулары кыргыз тили боюнча ар түрдүү тапшырмаларды: жат жазуу, эссе, чыгармачылык дилбаян, тестирлөө ж.б аткарышат.

        Кароо-сынактын жеңүүчүлөрү 2016-жылдын 14-сентябрында  калыстар тобу тарабынан аныкталат. “Мамлекеттик тилди мыкты иш алып барган бөлүм-2016” номинациясы боюнча 1, 2, 3,  “Мамлекеттик тилде мыкты иш алып барган кызматкер-2016” номинациясы боюнча 1, 2, 3 – байгелүү орундар берилет. Байгелүү орундун жеңүүчүлөрү ардак грамота, грамота, диплом жана кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланышат.

       Кароо-сынактын жыйынытыгы 23-сентябрь- Мамлекеттик тил күнүнө карата өткорүлүүчү салтанаттуу иш-чарада чыгарылат. Кароо-сынактын жүрүшү жана жыйынтыкталышы боюнча маалыматтар басма сөз беттерине жарыяланып, Агенттиктин сайтына жайгаштырылып турат.

 

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх