Жаштардын республикалык Форуму болуп өттү

Бишкек ш. 11.01.2016-ж. Тарых жана маданият жылынын алкагында  «Кыргызстанда жалпы жарандык бирдейликти жана элдин улуттук биримдигин калыптандырууда жаштардын ролу» темасында Форум болуп өттү. Форумга республиканын жети облусунун жогорку окуу жайларынан студенттер келип катышышты.

Кыргызстан жаштарынын арасында жалпы жарандык бирдейликти жана этностор аралык толеранттуулукту калыптандыруунун формаларын, милдеттерин жана жолдорун аныктоо максатында өткөрүлдү.

Форумдун жүрүшүндө жалпы жарандык бирдейликтин принциптери иштеп чыгуу боюнча талкуулар болуп анын жолдору презентацияланды, ошондой эле Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин жана өлкөнүн улуттук-маданий  борборлорунун базаларында жаштардын ар-түрдүү этностук топтордун туруктуу диалог аянтчасын калыптандыруу боюнча ойлор айтылды.

Форумдун аягында сунуштарды жана пикирлерди камтыган форумдун резолюциясы кабыл алынып, резолюцияны ишке ашыруу үчүн КР Өкмөтүнө жана жогорку окуу жайларына таратуу чечими кабыл алынып жалпы катышуучулар "Мен-кыргыз жараны" - жазуусу жазылган шарларды асманга учурушту.

Айта кетсек Форум Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө  караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги, Бириккен Улуттар Уюмунун калктар фонду (UNFPA) тарабынан уюштурулду, белгилей кетүүчү жагдай жаштар форуму буга чейин Ош жана Баткен облустарында дагы өткөрүлгөн.

Форумга КР Президентинин Аппаратынын, КР Өкмөтүнүн Аппаратынын жана министрлик-ведомстволордун өкүлдөрү, улуттук маданий борборлордун өкүлдөрү (жаштар), жаштар борборлору, жааматтар, топтор жана Ассоциациялар келип катышышты.

 

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх