“Тарых жана маданият жылынын” алкагында “Кайрылмандар: интеграция көйгөйлөрү жана жергиликтүү эл менен ыңгайлашуунун формалары” темасында конференция болуп өттү.

 3-февраль 2016-ж. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тарых музейинин жыйындар залында “Тарых жана маданият жылынын” алкагында “Кайрылмандар: интеграция көйгөйлөрү жана жергиликтүү эл менен ыңгайлашуунун формалары” темасында конференция болуп өттү.

Конференцияда кайрылмандардын чечилбеген көйгөйлөрү боюнча илимий доклад окулуп, докладда кайрылмандардын көйгөйлөрү болгон кайрылмандарды каттоо маселеси, кайрылман статусун маселесси, паспорт маселеси, чарба жүргүзүү үчүн жана үй куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп  маселелери айтылды, аталган маселелер боюнча тиешелүү министрлик, ведомстволордун өкүлдөрүнүн катышуусунда  пикир алмашуу болду.

Айтылган кээ бир маселелер тууралу тийиштүү министрлик, ведомстволордун маалыматы боюнча кайрылмандар өзүлөрүнүн укугун толук билбегендигинен да маселелер болуп жаткандыгы маалым болду. Жыйынтыгында резолюция кабыл алынды ошону менен катар кыргызстандын ар бир жаранында “мен кыргыз жараны”-деген жалпы граждандык бирдейлик калыптынышы керектиги белгиленди. 

Конференциянын катышуучулары:

 Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу миграция боюнча мамлекеттик кызматынын, Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин 10-башкы башкармалыгынын, “Этностук кыргыздардын ассоциациясы” Коомдук Бирикмесинин  өкүлү, Кыргыз Республикасынын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын, Ош облусунда жашоочу этникалык кыргыздардын, Чүй облусунун райондук мамлекеттик администрациясынын,

Чүй облусунун өз алдынча башкаруу органдарынын,  Жалал-Абад облусунда жашоочу этникалык кыргыздардын, Министирликтердин жана агенттиктин өкүлдөрү катышышты.

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх