Агенттикте салтанаттуу иш чара болуп өттү

Бүгүн 18-январь 2016-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин жыйындар залында мамлекеттик кызматта иштеп ардактуу эс алууга жашы жеткен кызматкерлери Сартманбетов Сатыбалды Токтогулович жана Кенжетаев Ибрагим Камчыбековичти салтанаттуу түрдө узатты. Аталган кызматкерлер мамлекеттик кызматта 40 жылдан ашуун эмгектенишкен.

Бул иш чарага Агенттиктин директору Бакыт Келгенбаевич Рыспаев жана аппараттын курамы катышышты.

40 жылдык кызматта иштеп аталган кызматкерлер өзүлөрүнүн кесипкөйлүгүндө эч кандай күмөн жаратышкан эмес. Иш чарада С. Сартманбетов жана И. Кенжетаев үчүн айтылган жагымдуу каало тилектер жана белектер күтүүсүз болгондугун билдиришти. Аталган кызматкерлер кызмат учурунда бир канча ведомстволук сыйлыктар менен сыйланышкан.

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх