Ош шаарында этностор аралык чыр-чатактардын, экстремиздин зордук-зомбулук көрүнүштөрүн биргелешип чечүү тууралуу конференция болуп өттү.

Ош шаарында этностор аралык чыр-чатактардын, экстремиздин зордук-зомбулук  көрүнүштөрүн биргелешип чечүү тууралуу конференция болуп өттү.

Ош шаарынын “Ош нуру” мейманканасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин уюштуруусу менен “Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын этностор аралык келишпестиктерди чечүүдөгү жана экстремиздин зордук-зомбулук  көрүнүштөрүнө  каршы туруудагы ролу” темасында конференция болуп өттү.

Конференциянын максаты - Өлкөбүздү бекем сактап, келечекте тынчтыкта жана биримдикте өнүгүүнүн даңгыр жолуна түшүү үчүн көп этностуу Кыргызстан эли бекем биримдикте болушу, ислам динин, экстремистик терс көрүнүштөрүнө аралаштырбай  таза тутунуубузга жана анын үстүнөн талбастан такай биргеликте иш алып баруу менен тыгыз байланыштуу экендигин эч качан эстен чыгарбоо. Конференцияда ачык-айкын ойлор айтылып, маанилүү терен маселелер козголуп, келечекте жасала турган иштер жөнүндө сунуш-пикирлер айтылды.

Конференциянын катышуучулары:  КРнын Президентинин Аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара кызматташуу боюнча бөлүмүнүн  башчысынын орун басары З.Ж.Эргешов, КРнын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары  Юсупов Б.Ю., Кыргызстан элинин Ассамблеясынын кеңешинин төрагасы Мурзубраимов Б.М., КРнын Азиретти Муфтийи Максат ажы Токтомушев, “Жалпы кызыкчылыктарды издөө” эл – аралык корпорациясынын Кыргызстанда өкүлчүүлүгүнүн мамлекеттик директору Сайназаров К.Б., Агенттиктин мониторинг борборунун жетекчиси, УИАсынын мүчө-корреспонденти, профессор Асанканов А.А., КРнын Президентинин алдындагы этностук жана конфессия аралык мамилелер боюнча коомдук-эксперттик Кенешинин эксперти Мирсайитов И.Э. Дин комиссиясынын түштүк аймактары боюнча бөлүм башчысы Мурзабеков И.К. КРнын ИИМдин 10-башкы башкармалыгынын бөлүм башчысы,  полковник Жээнбеков Э.Т., УКМКнын түштүк аймактары башкармалыгынын башчысы, полковник Кожобеков А.Э.

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх