Жергиликтүү жамаат менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын пикир келишпестиктеринин алдын алуу боюнча пилоттук долбоор ишке киришти

“Укукту жана бизнести  өнүктүрүү фонду” Коомдук фонду          ( мындан ары - LBD консалтинг) тарабынан   Эл аралык кызматташуу боюнча Герман коомунун “Граждандык коомду колдоо фондусу” долбоорунун   финансылык колдоосу менен   Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн  райондук жана жергиликтүү деңгээлде  укуктук маселелер боюнча потенциалдарын жогорулатуу аркылуу жергиликтүү жамаат менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын пикир келишпестиктеринин алдын алуу” аттуу пилоттук долбоору ишке киришти.  Долбоор 2015-жылдын октябрь айынан  2016-жылдын июнь айынын он бешине чейин турмушка ашырылат.

 Бул долбоор Жалал-Абад облусунун Ала-Бука жана Базар -Коргон, Нарын облусунун Нарын жана Ат-Башы, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондорун камтыйт. Долбоордун алкагында  LBD консалтингдин юристери аталган райондордун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өздөрүнүн офистеринде же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кайрылуусу менен жерине барып тигил же бул маселелердин чечүүнүн укуктук  жолдору боюнча  ооз эки жана кат түрүндө кеп-кеңештерди беришип, зарыл болгон укуктук документтерди (арыз, даттануу, доо –арыз, каршылык билдирүү, келишим  ж.б.) түзүп беришет. Аталган райондордун кошуна райондорунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Онлайн режиминде же барып кайрылышса, алар дагы укуктук кеп-кеңештерди ала алышат.

Көрсөтүлбөгөн укуктук маселелер боюнча көрсөтүлүүчү жардамдар бекер көрсөтүлөт жана көрсөтүлгөн жардамдардын сапатына  LBD консалтинг  кепилдик берет.

Долбоор боюнча кошумча маалыматтарды LBD консалтингдин расмий сайтынан  (www.lbd.kg), LBD консалтингдин  өкүлү Солтобеков Таланттан ( тел. 0555 755302, электрондук дарек: adviser@lbd.kg) алсаңыздар болоорунбилдиребиз. 

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх