Аламүдүн районунда этностор аралык мамилелер жана диний абал талкууга алынды

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги менен Чүй облусунун Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү «Диний экстремизмге каршы туруу, райондогу диний кырдаал, элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо» темасындагы жыйынга чогулду.

Жыйынга агенттиктин башкы адиси Н.Ырсалиев, Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы С.Жумашов, райондук УКК бөлүмүнүн башчысы М.Турганов, РИИБ башчысынын орун басары Б.Артыкулов жана райондук мамлекеттик администрациясынын кызматкерлери, айыл аймак башчылары, райондук түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери, райондук мечиттердин имамдары жана мектептердин директорлору катышты.

Жыйындын жүрүшүндө аталган райондон 28 жашоочунун чет мамлекеттерде экстремисттик уюмдардын ишмердигине катыштыгы бар экени белгиленип, райондогу диний абал жана этностор аралык мамилелер талкууга алынды.

Жыйынтыгында райондук тийиштүү органдарга Кыргыз Республикасынын аймагынан сыртка чыгып кетип жаткан райондун тургундарын көзөмөлгө алуу, тургундар арасында диний экстремизмге каршы туруу, элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо багытында ар дайым түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх