Жалал-Абад шаарында токойчулар кайрадан нааразычылык акциясын уюштуруп жатышат

Жалал-Абад шаарында бүгүн, 5-ноябрь күнү облустагы токойчулар Токой чарба агенттигинин директору Сабыр Атажановдун кызматтан кетүүсүнталап кылган митинг өткөрүшмөкчү.

Уюштуруучулардын айтымында, бул акция «Атажановдун кыргыз токоюн талкалоо саясатына каршы» аталышта болмокчу. Алар 4-ноябрь күнү шаардык мэрияга жогоруда аталган акцияны өткөрүү тууралуу кайрылуу катын тапшырганынTushtuk маалымат агенттигинеуюштуруучулардын бири Абдумалик Элеманов билдирди.

Анын айтымында, азыр чогулуп жаткан адамдар токой кызматкерлери. «Баарыбызды нааразы кылып иштеп жаткан токойду жок кылып жаткан адамдын кызматтан кетүүсүн талап кылып жатабыз. Ошондой эле, токой кызматкерлеринин айлыктарын азайтып, штаттарды кыскартып жатканы да бизди нааразы кылууда. Бүгүн саат 10до чогулуп митнгди баштамакчы элек. Бирок алыскы райондордун токой кызматкерлери кечигип жатканына байланыштуу саат 12 ге жылдырылды», — дейт уюштуруучу Элеманов.

Эске салсак, буга чейинда токой кызматкерлери митинг уюштуруп, КРнын Өкмөтүнө нааразычылык катын жолдошкон эле.

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх