Жалал-Абад шаарында кутурган ит эки адамды тиштеп алды

18-сентябрь күнү Жалал-Абад шаарынын Ч.Айтматов атындагы аймактык башкаруусундагы Дача участкасынын Расвет көчөсүнүн №210 үйүнүн тургуну 1973-жылы туулган Кубаныч Салиевге таандык болгон ити ошол эле көчөнүн тургуну 2008-жылы туулган Умарова Айдананы жана итти багып жүргөн ээси Кубаныч Салиевди тиштеп алган. Бул тууралуу маалыматты Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Таирбек Чойбеков билдирди.

Инструкция боюнча Жалал-Абад шаардык ветеринардык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча башкармасы тарабынан итти атып, башын Ноокен райондук диогностика лобароториясына жиберилген. Аталган башкармалыктын 19-сентябрь 2013-жылдагы корутундусунун негизинде итте кутурма оорусу бар экендиги аныкталган. Бул окуядан соң дача участкасында 34 ит атылып, 4 итти кутурма оорусуна каршы эмдөө өткөрүлдү. Расвет участкасы дизинфекцияланып, Кубаныч Салиевдин үйүнө чектөө киргизди.

Учурда Умарова Айдана ооруканада даарыланууда. Ал эми Салиев Кубаныч даарыгерлердин жеке көзөмөлүндө . Маалыматкаылайык, жабырлануучулардын абалы жакшы.

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх