«Дүйнө таанымды кеңейтүү үчүн балдарга татыктуу билим берүү керек» - Б. Рыспаев

Жайлоолордогу өнүгүү борборлорун Республиканынын бардык аймактарына жайылтып жаткан Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева баштаган топтун 2015-жыл 5-августагы сапары Суусамыр жана Каракол жайлоолорундагы өнүгүү борборлоруна бет алды.

«Азыркы күндө малдарыбызды кайтарып берүү үчүн бир жылкыга айына 500 сом, уйга 450 сом, койго 40 сом бересиздер. Бирок биз малга акча төлөп, ошол кезде эле балдардан акча аяп жатабыз. Ошондуктан жайыт комитети, айыл өкмөтү, ата-эне биргеликте иш алып барып, тарбиячыларга жардам берсек. Бир айылдан бир эле мыкты бала чыкса, Чыңгыз Айтматовдой кыргызды дүйнөгө таанытат. Мисалы, волонтерлор менен сүйлөшсөм Кыргызстанды билишпей эле келген, бирок Ч.Айтматовду жакшы билишет. Африкада киши баспаган жерлер бар, алар «дүйнөдө биз элебиз» деп дүйнөдөн өтүп кетишет. Ошолордой болбой, дүйнө таанымды кеңейтүү үчүн балдарга татыктуу билим берүү керек. Ушул демилгени колдоп, өркүндөтүүгө ата-энелер салымдарын кошот деген ишеничтемин.» - дейт Б. Рыспаев.

Мында өнүгүү борборлорунун ишмердүүлүгү менен таанышуу менен катар ата-энелер, жайыт колдонуучулар, тарбиячылар үчүн мастер класстар, түшүндүрүү иштери, балдарга керектүү билгичтиктерди үйрөтүү максатын көздөдү. «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун кызматкерлери жана КР өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин башчысы – Бакыт Рыспаев, КР айыл чарба жана мелиорация министрлигинин алдындагы жайыт департаментинин директору – Абдымалик Эгембердиев, Германиядан келген волонтерлор Изабелл жана Анна, Англиядан келген волонтер Эндрю, Айсек студенттердин эл аралык уюумунун өкүлдөрү катышты. 

 
Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх