Баткенде кутурмага каршы эмдөө иштери жүргүзүлдү

Баткен райондук санитардык эпидемиологиялык борбору тарабынан кутурмага каршы иттерди жана мышыктарды эмдөөнүн бир айлыгы жарыяланган. Баткен району боюнча бүгүнкү күнү жалпысынан 3 миңден ашуун, шаар боюнча 1 миңге чукул иттер эмделип, жолбун иттер атылган.

Ошондой эле мал жандыктардагы эхинококк, бруцеллез жана шарпка каршы эмдөө иштери жүргүзүлөт. Баткен районунун Дара айыл округунун аймактык мал доктуру Галбай Айдаровмал жандыктарды жана ит-мышыктарын дарылоодо эл өздөрү да кызыктар болушу керектигин айтат.

«Малын дарылоого кээ бирөөлөрдүн үйүнө барсан, кош көңүлдүк жасашып, мен эртеси келем деп айтып кетсең да үй ээси жок болгон учурлар көп эле катталат. Ошондуктан, ооруулардын алдын алуу үчүн биринчи ошол мал жандыктын ээлери да кызыктар болушу керек», — дейт Г. Айдаров.

Белгилей кетсек, жалпысынан Баткен району боюнча 29 миң ири мал жана 118 мин кой-эчки бар.

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх